Орусияда абакта отурган уулун бир апта мурда Украинадагы согушка алып кетишкенин айткан кыргызстандык аял "Азатыкка" кайрылды. Ал 18-декабрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине арыз тапшырып, 19 жаштагы уулун артка кайтырууга жардам сурады.
Өткөн түнү Орусия Украинанын жер-жерлерине соккуларын улантып, жергиликтүү бийликтер бир нече киши жабыркаганын билдирди. Бир топ жерде энергетикалык жайлар зыян тартты. Ал эми дээрлик бир жумадан бери миңдеген киши электр жарыгысыз калган Одессада чукул кырдаал жарыяланды.
Киев жана Батыш жарандык инфраструктурага жана жайкын тургундарга сокку урууну согуш кылмышы катары сыпаттайт. Ал эми орус бийлиги далилдерге карабай, аскердик жайларды гана бутага алганын айтып келет.
Мьянманын ээн талааларынын ортосунда тикенек зымдар менен курчалган жана катуу кайтарылган комплекс бир караганда кадимки эле лагерди элестетет. Бирок бул жерде миңдеген киши кулчулукта кармалары тууралуу маалымат үрөй учурду. Жакында Кыргызстан өз жаранын бул өлкөдөгү кулчулуктан куткарып алды.
Украинадагы согушту токтотуу боюнча Берлинде өткөн эки күндүк сүйлөшүүлөрдө "олуттуу жылыш" бар. Анткен менен Украинанын аймактык маселеси - тагыраагы Донбасстын тагдыры бүдөмүк бойдон калды. Вашингтон Киевге НАТОнун 5-беренесиндегидей коопсуздук үчүн кепилдик сунуштады.
Орусиянын Украинага согуш ачканын сындаган ырчы Валерий Меладзенин Бишкекте 3-декабрга пландалган концертине уруксат берилген жок. Маданият министрлиги муну жобого байланыштырды. Таанымал ырчы 60 жылдык юбилейине жана чыгармачылыгынын 30 жылдыгына карата Борбор Азияда турне менен жүргөн.
Австралиянын Сидней шаарында Бонди-бич эс алуу аймагында белгисиз адамдар көчөдө туш келди ок чыгарышты. Каза болгондор жана жаракат алгандар бар.
13-декабрда Беларуста саясий туткун, 2020-жылдагы нааразылык акцияларынын лидерлеринин бири Мария Колесникова, укук коргоочу, Нобелдин 2022-жылдагы Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Алес Беляцкий, оппозиционер саясатчы Виктор Бабарико эркиндикке чыкты.
Газа тилкесинде Байрон бороону менен аралаш жааган нөшөрдөн улам качкындар лагерлериндеги чатырлар суу астында калды.
Киев европалык өнөктөштөр менен кеңешүүдөн кийин АКШга тынчтык планынын соңку вариантын өткөрүп бергени кабарланды. Украина бул маалыматты расмий түрдө бышыктай элек.
Сурамжылоолор көргөзгөндөй, украиналыктардын жарымынан көбү мамлекет башчы Владимир Зеленскийди колдойт. Басымдуу бөлүгү согуш шартында шайлоо уюштуруу туура эмес деп эсептейт.
Батыштагы бир катар басылмалар Вашингтон Орусия басып алган аймактардан баш тартууга көндүрүү үчүн украин президенти Владимир Зеленскийге басымын күчөткөнүн жазышууда. Москва Донбассты, анын ичинде украин аскерлеринин карамагындагы жерлерди өткөрүп берүүну талап кылууда. Киев өз жеринен баш тартуу өлкө конституциясына, эл аралык укук нормаларына каршы келерин айтып, мындай шартты четке кагууда.
Дагы жүктөңүз