Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Жапонияга барды


Жапаровду “Ханеда” аба майданынан Жапониянын тышкы иштер боюнча вице-министри Эри Арфия тосуп алды
Жапаровду “Ханеда” аба майданынан Жапониянын тышкы иштер боюнча вице-министри Эри Арфия тосуп алды

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда иш сапары менен Жапониянын борбору Токиого барды.

Президенттин администрациясы билдиргендей, Жапаровду “Ханеда” аба майданынан Жапониянын тышкы иштер боюнча вице-министри Эри Арфия тосуп алды.

Президент Жапаров жапон премьер-министри Санаэ Такаитинин чакыруусу менен барды жана “Борбор Азия – Жапония” форматындагы алгачкы саммитке катышат.

Иш сапардын алкагында Жапаровдун Жапониянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган. Саммиттин алкагында Борбор Азия – Жапония бизнес форуму да өтөт.

Бул өлкө менен Борбор Азия мамлекеттери акыркы жыйырма жыл ичинде министрлердин деңгээлинде “Борбор Азия – Жапония” диалогу форматында кызматташып келет. Эми өлкө лидерлеринин алкагында өтчү саммит тууралуу маалыматтар ноябрда чыккан.

Жапон өкмөт башчысы Санаэ Такаити күтүлүп жаткан саммитти экономикалык коопсуздукту чыңдап, кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүгү катары карап жатканын жергиликтүү басылмалар жазышкан.

Аталган саммит 2024-жылдын августунда Казакстанда «Борбор Азия - Жапония» диалогунун 20 жылдыгына карата өтөрү пландалган болчу. Бирок жапон делегациясынын сапары жер титирөө коркунучуна байланыштуу үзгүлтүккө учураган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG