Санкцияга илинген компаниянын изи
Улуу Британиянын Каржылык санкция башкармалыгы (Office of Financial Sanctions Implementation, OFSI) 18-декабрда кабыл алган Орусияга каршы санкциялык пакетинде 24 адамды жана компанияны санкциялык тизмеге киргизди. Анын ичинде орусиялык 19 компания, көбүнчө "Татнефть", "ННК-Ойл", "Русснефть", "Руснефтегаз", "Текстиль-сервис" жана "Фабрика ваты" сыяктуу мунай-газ тармагында иштеген ишканалар кошулду.
Санкциялык тизмеге мындан сырткары Өзбекстандан пахта целлюлозасын өндүрүү менен алектенген төрт компания, Бириккен Араб Эмираттарынан беш ишкана, Өзбекстандын жараны Рустам Муминов (Фергана химия заводу), Пакистан жана Канаданын жараны Муртаза Али Лахани (Fossil Trading жана Tejarinaft компанияларына тиешеси бар), ошондой эле Азербайжандын жараны Чингиз Алиев да киргизилди.
Орусия менен кызматташып, санкцияларды айланып өтүүгө көмөк көрсөткөн деген күмөн менен тизмеге Кыргызстандан KIFIKO деген компания туш болду.
“Улуу Британиянын Ички иштер министрлиги KIFIKO компаниясы […] Орусиянын өкмөтүнөн пайда табууга жана Орусиянын өкмөтүн колдоого катыштыгы бар деп шектенүүгө толук негиздери бар. Анын ичинде Орусиянын өкмөтү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон каржы секторундагы кызмат көрсөтүүдө бизнес жүргүзүүгө, Орусиянын өкмөтүн колдогон тарапка, тагыраагы А7 компаниясына каражаттарды, экономикалык ресурстарды, товарларды же технологияларды берет”, – деп айтылат Улуу Британиянын Каржылык санкция башкармалыгынын билдирүүсүндө.
Кыргызстандын Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, "КИФИКО" жоопкерчилиги чектелген коому 2022-жылдын сентябрында ачылып, 2025-жылдын июнь айында кайрадан каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү катары “башка адамдардын буйрутмасынын негизинде финансы базарында операция жүргүзүү” деп аталып турат.
Компания Бишкектин Панфилов көчөсүндөгү “Орион-2” бизнес борборунда жайгашары көрсөтүлгөн. Директору катары Тюлялиева Барчын Калысбековна, ээси катары Саламатов Улан Акылбекович аттуу жарандар жазылган.
Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, Тюлялиева буга чейин “Арсенал Кыргызстан” деп аталган камсыздандыруу компаниясында директордун орун басары болгон. Интернеттеги маалыматтарда Улан Саламатов деген ысымда башка да ишкерлер бар экен, анын ичинде Улан Акылбекович ким экенин тактай алган жокпуз.
"КИФИКО" компаниясы жана анын жетекчилери Британиянын санкциясы жөнүндө билдирүү тарата элек. “Азаттык” компания сайтында келтирген байланыш номерлерге чалып байланыша албады, Тюлялиева менен Саламатовдон да комментарий ала алган жок.
Компания өз сайтында Кыргызстандын виртуалдык активдер базарында иштей турганын ырастап, мындай маалымат келтирет:
“KIFIKO классикалык брокер катары улуттук жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен өз кардарларынын портфелин жана финансы базарында кирешеге чыгуу үчүн өндүрүмдөр тизмесин калыптандырат. […] Алып-сатуулардын түздөн-түз катышуучусу катары биз баалуу кагаздарды эсептерде сактоого жана кайра сатууну уюштуруп берүүдө жоопкерчиликти өзүнө алат”.
"КИФИКО" Финансы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматынан төрт лицензия алган. Тактап айтканда “виртуалдык активдер менен иш жүргүзүүгө, инвестициялык активдерди башкарууга, дилерлик кылууга жана брокердик кылууга” уруксат кагаздары бар.
Илан Шордун ысымы
Улуу Британиянын мамлекеттик мекемеси кыргызстандык "КИФИКО" компаниясын байланыштырып жаткан А7 орусиялык компания. Аны орус жергесинде жашап жүргөн Илан Шор менен Орусиянын сегизинчи ири банкы “Промсвязьбанктын” кожоюну Пётр Фрадков экөө негиздеген. Шор Молдовада банктык алдамчылык менен 1 млрд долларды уурдоого айыпталып, 15 жылга соттолгон жана 2019-жылы үй камагынан качып чыгып, кийин орус жарандыгын алган олигарх.
Financial Times басылмасы быйыл 25-июнда “Орусиянын көмүскө төлөмдөрү үчүн криптовалюта 9 миллиард долларды айлантты” деп аталган макала жарыялап, жыл башында Кыргызстандын аймагында Grinex аттуу криптобиржа уюшулганын, анда рублге теңме-тең байланган A7A5 аттуу стейблкоин жүгүртүүгө чыгарылганын баяндаган. Анын артында А7 компаниясы менен “Промсвязьбанк” турарын тактаган.
“Азаттык” маселенин чоо-жайын андан ары иликтеп, айрым фактыларды аныктай алды. Тагыраагы, А7 компаниясы Бишкекте “А7-Кыргызстан” аттуу компания ачып, “Олд Вектор” аттуу фирма аркылуу A7A5 аттуу токенди же стейблкоинди сатыкка чыгарганын тактады. A7a5.kg сайтындагы маалыматка ылайык, алар 100 млрд рублге тете стейблкоинди сатышкан.
Молдованын Radio Moldova сайты жүргүзгөн октябрдагы иликтөөдө Кыргызстандагы "КИФИКО" компаниясы да так ушулардын катарында иш алып барганын белгилеген:
“Схема бир нече өлкөлөргө, Бириккен Араб Эмираттарына, Гонконгго же Кыргызстанга жер которгон, ошондой эле криптовалюталарды жана биржадан сырткаркы операцияларды жүргүзгөн. Алардын изин табуу кыйын. IPN агенттигинин иликтөөсү көрсөткөндөй, бул схемага “A7 Кыргызстан”, “Talas Global Merchants”, “Kush Trading Group”, “Old Vector”, “Kifiko”, “Tengricoin” жана башка ондогон компаниялар катышууда. Алар векселдер боюнча төлөмдөрдү аткарууда субагент, брокер же ортомчу кызмат аткарууда”.
Radio Moldova аталган компаниялар аркылуу 2024-жылдын аягынан 2025-жылдын ортолоруна чейин 486 млрд рубль же 6 млрд доллар айлантканын тактаган.
“Азаттыктын” бир нече кызматы биргелешип жасаган декабрдагы иликтөөдө болсо A7A5 криптовалютасы менен жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү 79 млрд долларга жеткенин эсептеп чыккан.
Жөнөкөй түшүндүргөндө, Орусиянын көп банктары банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган SWIFT глобалдык системасынан өчүрүлгөн, ошол себептүү Орусиядагы ишканалар чет жактан товар алып сатууда криптовалюталарды колдонууда. Муну үчүн кеп болуп жаткан A7A5 стейблкоини ойлонуп табылган.
“Азаттыкка” берген интервьюсунда кыргызстандык программист Даниил Вартанов буларга токтолду:
“Сырткы оюнчулар Кыргызстанды санкциялардан буйтоо үчүн колдонуп жатышы мүмкүнбү? Толук мүмкүн. Албетте, мен азыр муну ырастай да албайм, четке да кага албайм. Мындай нерселерге өтө этияттык менен кароо керек […] Биринчиден, дүйнөдөгү бардык адалдаштырылган акчанын 99% кадимки банктар аркылуу жүрөт, ага эч кандай криптовалюталар керектелбейт. Эгер криптовалюталардын өзүн ала турган болсок, аны банк системасынан сырткары которуу үчүн эң жөнөкөй криптовалюталар деле жарайт. Адамдар көнүп алгандыктан, жөнөкөй жана түшүнүктүү болгондуктан стейблкоиндерди колдонушса керек. Бирок ал коопсуз дегенди түшүндүрбөйт. Мында кайра эле ошол стейблкоиндерди чыгарып, жүгүртүп, алардын курсун кармап турган адамдарга ишенүүгө туура келет”.
Мына ушундай түкшүмөлдөрдүн фонунда АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC), Улуу Британиянын өкмөтү Европа Биримдиги Grinex криптобиржасына жана стейблкоинди чыгарган “Олд Вектор” компаниясына, алардын негиздөөчүлөрүнө санкция киргизген.
Санкциялардын парады
Орусия Крымды аннексиялап алган 2014-жылдан кийин Москвага санкция салып баштаган Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып кирген соң бул чараларын дагы күчөткөн. Кийин Орусия башка өлкөлөр менен кызматташуусун жанданткан соң аны менен кызматташкан мамлекеттердин компанияларына экинчи деңгээлдеги санкциялар салына баштаган.
Кыргызстандын “Толубай Банк” жана “Евразия сактык банкы” деген менчик жана мамлекеттик “Керемет Банк, “Капитал Банк” күмөндүү финансылык схемаларга катышкан деген доомат менен “кара тизмеге” илинген.
Президент Садыр Жапаров сентябрда өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Батыш өлкөлөрүнөн кыргыз банктарын тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган:
“Кыргызстан банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшертүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даярбыз. Бизди силерге караганда Орусия менен көптөгөн экономикалык байланыштар бириктирип турат. Ошондуктан экономикалык жактан алганда Орусия менен кызматташпай коё албайбыз. Биз башкалар менен тирешүүнү каалабайбыз. Биз дээрлик бардык өлкөлөр менен кызматташып, көп векторлуу саясат жүргүзүп жатабыз. Мисалы, биз ошол эле Англияга жылына 1 миллиарддан ашык долларга алтын сатабыз. Менин өлкө президенти катары биринчи милдетим – жарандарымдын жана өлкөмдүн коопсуздугун камсыз кылып, экономикалык абалын жогорулатуу. Биз экономикалык кызматташтыкты жана сооданы саясатташтырууга каршыбыз. Ошондуктан эки банкыбызга салган санкцияларды тез арада алып салууну талап кылабыз”.
Кыргызстанда мындан башка дагы 20дан ашык ар түрдүү тармактарда иштеген компаниялар да Батыш мамлекеттеринин санкцияларына кабылды. Бийлик өкүлдөрү бул жааттагы алгачкы маалыматтарга билдирүү жасап турса, азыр көп реакция да кылбай калды.
Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев “Азаттыкка” курган маегинде санкцияларга байланыштуу мындай пикири менен бөлүшкөн:
“Бул эми ачык эле да. Үч-төрт жылдан бери параллелдик импорт болуп жатат. Орусияга туруктуу өнөктөш болгонубуз үчүн согуштук эмес товарлар биз аркылуу кетип жатат. Мындан сырткары биздин банктар да иштеш керек. Аларга санкция салып койгон Батыш өлкөлөрүнүн чечимин мен туура эмес деп эсептейм. Алар өздөрү Орусиядан мунайды, газды, буудайды, же башка товарларды сатып алып жатышат. Трамп сындаса Европа өлкөлөрү өздөрү “муну токтото албайбыз” деп жатышпайбы. А эмне үчүн бизге ошондой чара көрүп жатышат анда? Орусияда биздин жарым миллиондой жараныбыз иштеп жүрөт, алар акчасын которушу керек”.
Мурдараак Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Европа Биримдигинин кыргызстандык банктарга санкция салганын өкүнүү менен кабыл алганын билдирип, Бишкек санкция боюнча эл аралык милдеттенмелерин так сактап жатканын маалымдаган жана маселени иликтөө үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуштаган.
Шерине