Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Орусияда көзөмөл реестрине кирген кыргызстандыктар 128 миңге жетти


Москвадагы "Сахарово" миграциялык борбору.
Москвадагы "Сахарово" миграциялык борбору.

Учурда Кыргызстандын 800 миңдей жараны чет өлкөдө миграцияда жүрөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.

Анын ичинен 341 миң кыргызстандык Орусияда, 70 миңи Казакстанда 60 миңи АКШда , 40 миңдейи Түркияда жашап, иштейт.

Дарманкул уулу миграциялык талаптары татаалдашкан сайын Орусиядагы кыргызстандыктарды саны азайып жатканын белгиледи. Бул өлкөдө 91 миң кыргыз жараны “кара тизмеге” кирген жана көзөмөл реестрине катталган мекендештердин саны 128 миңге жеткенин тактады.

Реестрде тургандардын 30 миңи балдар. Министрлик Орусиянын Ички иштер министрлигинин алдындагы миграциялык кызматтын жетекчилиги менен жолугуп, бул көйгөйлөрдү талкуулаганын билдирди.

Орусия президенти Владимир Путиндин ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапарында кыргызстандык мигранттардын маселеси да талкууланган. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдиргендей, бул багытта тиешелүү министрликтерге тапшырмалар берилген.

Орусия соңку жылдары миграциялык мыйзамдарды катаалдатып, улам жаңы эреже-талаптарды киргизүүдө. Жыл башынан бери мигранттарга каршы 200 миңден ашык рейд өткөрүп, 160 миңден көп чет өлкөлүк жаранга бул мамлекетке киришине тыюу салганын орусиялык "Фонтанка.ру" сайты Орусиянын ИИМине жана Миграция кызматына шилтеме кылып жазган. Андагы маалыматка караганда, мындай тыюу быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу 30% көбөйгөн.

Кыргыз бийлиги соңку жылдары өлкөдө жумуш орундары көп түзүлө баштаганын айтып, четтеги жарандарды мекенине кайтууга чакырып келет. Дарманкул уулу Кыргызстанда жумушчу күчтүн жетишсиз болуп жатышынан улам чет элдиктерди кабыл алуудагы квота көбөйтүлгөнүн билдирди.

Алсак, 2020-жылы 12 миң кишиге квота каралса, учурда бул чек 42 миңге чейин көбөйгөн. Бул мүмкүнчүлүк менен Кыргызстанга келген чет элдиктер ири мамлекеттик долбоорлорго тартылып жатканын тактады. (ZhK/TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG