Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

Тоолуу Карабактын мурдагы өкмөт башчысы Варданянга өмүр бою абак жазасы суралды


Армениялык ишкер, Тоолуу Карабак түзүмүнүн мурдагы өкмөт башчысы Рубен Варданян Бакудагы сотто.
Армениялык ишкер, Тоолуу Карабак түзүмүнүн мурдагы өкмөт башчысы Рубен Варданян Бакудагы сотто.

Азербайжандын баш калаасындагы сотто Рубен Варданянга террорчулукту каржылоо, мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү негиздөө, чек араны мыйзамсыз өтүү, атайлап адам өлтүрүү жана бийликти күч менен басып алуу сыяктуу 40тан ашык айып тагылган.

18-декабрда үй-бүлөсү тараткан билдирүүдө Варданян сот процессин тааныбай турганын айтып, ага катышуудан баш тартарын билдирген.

Рубен Варданян 2023-жылдын 27-сентябрында Карабактан чыгып, Арменияга өтүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган. Ал аймак Азербайжандын аскердик операциясынан кийин кайрадан Бакунун көзөмөлүнө өткөн.

Варданянга жана бир тараптуу өз алдынча экенин жарыялаган аймактын башка жетекчилерине карата сот жараяны 2025-жылдын январында башталган. Варданян бир нече жолу тергөө жана сот мыйзам бузуулар менен өтүп жатканын билдирип келген. Анын айтымында, ишти аскердик трибунал карап жатат, адвокаттарга иш материалдары толук берилген эмес, ал эми айыптоо "олуттуу каталарды" камтыйт.

Тергөө абагында отурган учурда ал эки жолу ачкачылык жарыялаган.

Азербайжан тарап Варданяндын бардык процессуалдык укуктары корголуп, анын өзүн коргоо жана өзү билген тилде сүйлөө укугу сакталганын билдирүүдө.

Банкир Ереванда төрөлгөн. 2021-жылы Forbes анын байлыгын бир миллиард долларга баалаган. 2022-жылдын соңунда ал орус жарандыгынан баш тартып, эл аралык коом тааныбаган, өз алдынча эгемендик жарыялап алган Тоолуу Карабак республикасына барып, өкмөттү жетектеп калган.

Эл аралык мыйзамдарга ылайык, Тоолуу Карабак Азербайжандын бир бөлүгү катары саналат. Толук көзөмөлдү Баку 2023-жылдын сентябрь айындагы аскердик операциянын жыйынтыгында кайра орнотту.

Бул окуялардан кийин болжол менен 120 миң адам, негизинен этностук армяндар Азербайжан бийлигинин куугунтугунан кооптонуп, өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Баку армян калкын Карабакта калууга жана Азербайжандын жарандыгын алууга чакырган. Ошондой эле Азербайжан Карабакта калууну тандаган армяндар үчүн бардык укуктар сакталарына кепилдик берилерин билдирген.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG