Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Бишкекте абакта жаза өтөп жаткандар тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү өттү


Жабык жайларда жаза өтөп жаткан жарандар тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү. 18-декабрь, 2025.
Жабык жайларда жаза өтөп жаткан жарандар тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү. 18-декабрь, 2025.

Бишкекте 18-декабрда Семен Чуйковдун үй-музейинде абак жазасын өтөп жаткандар тарткан сүрөттөрдүн “Үмүттүн кыл калеми” аталган көргөзмөсү өттү. Анда темир тор артындагы адамдар тарткан эмгектер көрсөтүлдү. Жаза аткаруу кызматы сүрөттөн түшкөн каражат абактагылардын үй-бүлөсүнө же керек-жарагына жумшаларын билдирди.

Жаза аткаруу кызматынын тарбия жана социалдык иштер башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Бердикожоев бул аталган мекеме уюштурган биринчи көргөзмө экенин айтты.

“Биздин коомдо соттолгон адамдар жакшы эмес деген стереотип калып калган. Мыйзам бузса, жакшы эмес деп ойлошот. Бул жерде адамдын коомго кошулуу аракети да болуп жатат. Жөн эле сүрөт эмес, бул – үмүт. Азыркы Жаза аткаруу кызматы бул адамдар коомго, үй-бүлөсүнө керек экенин айтууга аракет кылууда. Ушундай көргөзмөлөр аркылуу соттолгон адам биздин жаран экенин билдирүү. Биз жакында эле ЖАКта биринчи жолу №2 абакта отурган аялдар менен түзөтүү абагында отурган эркектердин ортосунда “Сармерден” өткөрдүк. Мындай маданий иш-чаралар соттолгондун коомго кошулуусуна салым кошуу. Бизде ошол багытта көп иштер жүрүп жатат. Абак системасында окуу, өнөр үйрөткөн борборлор ачылган, китепканалар бар”.

Көргөзмөгө жашы жете электердин колониясында отурган өспүрүмдөр тарткан сүрөттөр да коюлган. Ал эми аялдар абагынан бир гана сүрөт коюлган. Затампуй Ампуйи аттуу автор сүрөттө Амстердамдагы күздү тарткан.

Көргөзмөдө сүрөттөр миң сомдон тартып, 5-6 миңге чейин бааланып сатылды.

Буга чейин ар кандай саясий иштер менен камалып чыккандар абак жайларынын шартын оңдоо, ал жерде отургандарды билимге, өнөргө үйрөтүп, коомго кошуу зарылдыгын айтып келишет.

Кыргызстанда жазаларды аткаруу түзүмүндө 27 мекеме бар. Алардын он бири - түзөтүү колониясы, ону - жатак абак, алтоо - тергөө изолятору. Мындан сырткары жабык жайларга Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу жайлары жана Саламаттык сактоо министрлигинин психиатриялык дарылоо мекемелери кирет. (ST)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG